Ош-Сары-Таш-Эркечтам жолу: Транспорт министри Сыргабаев ашуудагы калыбына келтирүү иштеринен кабар алды
- 94 просм.
Бүгүн, 20-июлда Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Алай районуна болгон иш сапарынын алкагында Ош – Сары-Таш – Эркечтам жолунун 161-чакырымында жүрүп жаткан иштерди текшерип барды.
Ошондой эле, министр Сыргабаев ПАД – Буудалык багыты боюнча салынып жаткан 5 чакырым жолдун курулуш иштеринен кабар алды. Учурда аталган жолду кеңейтүү жана оңдоо иштери кызуу жүрүп жатат.
Министр жеринде жооптуу жетекчилерге аткарылып жаткан жумуштарды белгиленген графикке ылайык өз убагында бүткөрүүнү тапшырды.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы