mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Ош-Баткен-Раззаков жолу: Министр Сыргабаев курулуш иштеринин жүрүшүн жеринен көзөмөлдөдү

Бүгүн, 26-апрелде Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Ош–Баткен–Раззаков автоунаа жолунун 47-75-чакырымга чейинки бөлүгүндөгү курулуш иштеринин жүрүшүн жеринен көзөмөлдөдү.
 
Министр курулуш иштерин белгиленген мөөнөттө бүткөрүү керектигин белгилеп, тиешелүү жетекчилерге тапшырмаларды берди.
 
«Кыргызавтожол-Түштүк» мамлекеттик ишканасынын маалыматына ылайык, иштер бардык талаптарга жана бекитилген графикке ылайык аткарылууда.
 
Эске салсак, 2024-жылы Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 34+400-40+400-чакырымдар аралыгында асфальт төшөө иштери аяктаган.
 
Асфальт төшөө иштери менен катар Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 63 (Абшыр-Сай) жана 43-чакырымындагы (Чили-Сай) эки көпүрөнүн курулуш иштери жыйынтыкталып, колдонууга берилген.
Белгилей кетсек, Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 0-75-чакырымдар аралыгы Ош облусунун аймагында жайгашкан. Анын ичинен 0-6-чакырымы Ош шаары, 6-11-чакырымы Кара-Суу району, 11-75-чакырымы Ноокат району (38-41-чакырымы Ноокат шаары) аркылуу өтөт.
 
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы