Он-Арча — Жаңы-Талап — Ашырма жалунун 60 чакырымы кырып, тегизделди
- 511 просм.
Нарын облусунун Нарын районундагы Он-Арча — Жаңы-Талап — Ашырма авто жолунун 60 чакырымы авто грейдер менен кырып, тегизделип калыбына келтирилүүдɵ. Ушул жол менен байланышкан 8-Март, Кудук, Шоро, Ак- Кудук, Эмгек-Талаа, Хутор- Ак Талаа айылдарына барчу жолдор да калыбына келтирилип, тегизделүүдө.
Мындан тышкары №8 Жол тейлɵɵ ишканасы тарабынан жол жээгиндеги тоңуп калган муздарды чагып, суу нугун буруу иштери да тынымсыз жүрүүдө.
Министрликтин маалымат кызматы