Ноокат-Араван жолунун 9 чакырымы асфальтталат
- 52 просм.
Ноокат районуна караган Ноокат-Араван жолунун 9 чакырымы асфальтталат. Азыркы тапта жер иштери жана кеңейтүү жумуштары кызуу жүрүүдө. Андан соң жолдун 10-19-чакырымдар аралыгында асфальт төшөө иштери башталат.
Жумуштар Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу № 37 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылып, иш ыргагы белгиленген график боюнча уланууда.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы




