mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Новопокровка айылындагы көпүрө жакынкы күндөрү кайра колдонууга берилет


Новопокровка-Сары-Жон унаа жолундагы Чоң Чүй каналынан өткөн көпүрөнү калыбына келтирүү иштери жүрүп, аяктоо алдында турат.

Эске салсак, 3-майда кечки саат 17:00дор чамасында көпүрөнүн бир тилкеси жараксыз абалга келип, каттам убактылуу токтотулган. Калыбына келтирүү иштери дароо башталып, алгач изилдөө жумуштары жүргүзүлгөн. Андан соң көпүрөнүн бузулган бөлүгү жаңыртылып, конструкциясы бекемделди. Эки-үч күндүн ичинде (бетондун кургашы менен) ачылары мерчемделүүдө. Каттам жеңил унаалар үчүн гана берилет. Жаңы көпүрөнүн долбоору бүткөрүлүп, курулуш иштери аяктагандан кийин жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө уруксат берилет.

Оңдоо иштери Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасынын №43 Жол тейлөө мекемеси тарабынан аткарылып жатат.

Министрлик бардык жол оңдоо жумуштары белгиленген график боюнча жүргөнүн, элдин пикирин эске алуу менен иш ыргагын дагы да ыкчамдатууга бардык чаралар көрүлүп жатканын билдирет. Ошондой эле, убактылуу жаралган ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы