mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Нарын шаарынын унаа жол инфратүзүмү жаңыланууда

2025-жылы “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасынын №41 жана №8 Жол тейлөө ишканалары тарабынан Нарын шаарынын 39 ички көчөсүн камтыган жалпы 13 чакырым жолду оңдоо пландаштырылган.

Бүгүнкү күндө аталган Жол тейлөө ишканалары тарабынан 4,5 чакырым жолдун негизин даярдоо иштери аяктап, жумуштар белгиленген графикке ылайык улантылууда.

Бул иштер жол инфратүзүмүн жакшыртууга, шаар ичиндеги унаа каттамды жеңилдетүүгө жана жарандарга ыңгайлуу шарт түзүүгө багытталган.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы