mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Нарын облусу: Калмак-Ашуусу апрель айынын аягында ачылат

Сары-Булак-Соң-Көл унаа жолунун 37-42-чакырымдар аралыгында кар көчкү жана кар күрткү тазалоо иштери жүрүүдө.

Жумуштар аймакты караган № 14 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылып жатат. Тазалоо иштерине 1 даана жүктөгүч жана 1 даана манипулятор тартылган. Бүгүнкү күндө жолдун 37-чакырымында иштер уланып, апрелдин аягында каттамды ачуу аракети көрүлүүдө.

Белгилей кетсек, аба ырайынын катаал шарттарына байланыштуу Сары-Булак-Соң-Көл жолундагы Калмак-Ашуу ашуусу жыл сайын октябрь айынан апрелге дейре жабык болот.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы