Нарын аэропортунун перрону толугу менен асфальтталды
- 236 просм.
Нарын шаарындагы Нарын аэропортунун перрон аянтчасында асфальттоо иштери толук аяктап, 14 700 м² аянтка асфальттын экинчи катмары төшөлдү.
Курулуш иштери “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасына караштуу №41 Жол тейлөө ишканасы тарабынан жүргүзүлдү. Асфальттоо процессине заманбап техникалар тартылып, материалдар объекттин өзгөчөлүгүнө жараша тандалып колдонулду.
Курулуштун жүрүшү Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаевдин жеке көзөмөлүндө турду.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы