Нарын-Орук-Там жолу: Кар көчкү тазаланып, каттам берилди
- 324 просм.
Нарын облусундагы Нарын-Орук-Там унаа жолунун 60-чакырымына түшкөн кар көчкү тазаланып, саат 12:30дар чамасында бир тараптуу каттам берилди. Азыркы тапта Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу №8 Жол тейлөө ишканасы (ЖТИ) тарабынан кеңейтүү иштери жүрүүдө.
Эске салсак, жолдун жогоруда аталган тилкесине 7-апрель күнү, саат 15:30дар чамасында кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылган. Жабыркагандар жок.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы