Нарын – Оруктам жолуна асфальт төшөлөт
- 105 просм.
Мамлекеттик капиталдык салымдар беренесинин эсебинен Нарын облусундагы Нарын – Оруктам унаа жолунун 4 чакырымына асфальт төшөлөт.
Бүгүнкү күндө 3 чакырым аралыкта жолдун негизин даярдоо жумуштары жыйынтыкталып, калган бөлүгүндө жер жумуштары уланууда. Июль айында асфальт төшөө иштери башталып, бүткөрүү мерчемделүүдө.
Жол оңдоо жумуштары унаа каттамын жакшыртууга жана жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга багытталып, министрликке караштуу № 24 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылууда.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы


