mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Нарын-Баетов жолу: Транспорт министри курулуш иштеринин жүрүшүн текшерди

Бүгүн, 22-июлда Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Нарын-Баетов автожолундагы курулуш иштерин текшерди.

Сыргабаев аталган жолдун 8-13-чакырымдар аралыгында иштин жүрүшүн сынга алып, 10 күндүн ичинде асфальт басуу тапшырмасын койду.

Ошондой эле, министр Нарын-Баетов жолундагы 72 метр көпүрөнүн курулушун тездетүүнү тапшырды.

Ведомство жетекчиси аталган жолдун курулушу жеке көзөмөлүндө болорун баса белгиледи.

Кошумчалай кетсек, Нарын — Баетов жолунун жалпы узундугу 120 чакырымды түзөт. Анын 46 чакырымын оңдоо каралган. Жол 2 тилкелүү 10 тонна жүккө ылайыкталып салынууда.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы