Мырзаке-Кара-Шоро жолу калыбына келтирилип, каттам берилди
- 415 просм.
Ош облусундагы Мырзаке-Кара-Шоро жолу калыбына келтирилип, каттам берилди. Бүгүнкү күндө министрликке караштуу “Кыргызавтожол-Түштүк” мамлекеттик ишканасы тарабынан жолдун жээгин бекемдөө, суунун агымын буруу жумуштары жүрүп жатат.
Белгилей кетсек, буга чейин нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел жүрүп, жолдун 49-51-чакырымдар аралыгындагы айрым тилкелерди жууп кеткен.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы