Мырзаке-Кара-Шоро жолун калыбына келтирүү иштери уланууда
- 415 просм.
Ош облусундагы Мырзаке-Кара-Шоро жолунда суунун нугун буруп, калыбына келтирүү иштери жүрүүдө. Жумуштар министрликке караштуу “Кыргызавтожол-Түштүк” мамлекеттик ишканасы тарабынан аткарылып жатат.
Белгилей кетсек, буга чейин нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел жүрүп, жолдун 49-51-чакырымдар аралыгындагы айрым тилкелерди жууп кеткен. № 5 Жол тейлөө ишканасынан 1 даана экскаватор, 1 даана самосвал, 1 даана манипулятор жана 1 даана погрузчик тартылып, тазалоо, калыбына келтирүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жолду ачууга бардык ыкчам чаралар көрүлүп жатканын белгилейт.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы