mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Министр Сыргабаев казакстандык кесиптеши Карабаев менен онлайн кеңешме өткөрдү

Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев казакстандык кесиптеши Марат Карабаев менен онлайн кеңешме өткөрдү.

Жыйында кыргыз-казак чек арасында жайгашкан өткөрмө бекеттердеги көпүрөлөрдү реконструкциялоо талкууланды.

Мындан тышкары, «Камышановка – Ак-Суу» өткөрмө бекетинин ишин жандандыруу маселеси каралып жатканы кошумчаланды.

Биргелешкен жыйында жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар Кыргызстан менен Казакстандын транспорттук инфраструктура жаатындагы кызматташтыгын чыңдоого, соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө жана коңшулук мамилелерди бекемдөөгө чоң салым кошот деп белгиленди.

Онлайн кеңешмеге министрлердин орун басарлары, эки өлкөнүн чек ара кызматынын жетекчилери катышты.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы