mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Министр Сыргабаев Төө-Ашуудагы тоннелдин айланасын иретке келтирүү иштеринен кабар алды

Бүгүн, 27-июлда Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Төө-Ашууда жайгашкан Кусеин Көлбаев атындагы тоннелдин айланасын иретке келтирүү иштеринен кабар алды.

Учурда аталган тилкеде подрядчы компания тарабынан атайын техникалар тартылып, жер негизин даярдоо иштери активдүү жүрүүдө.

Ведомство жетекчиси Абсаттар Сыргабаев иш ыргагын ыкчамдатуу тапшырмасын койду.

Бишкек — Ош жолундагы тоннелдин кире беришине автоунаалар үчүн токтоочу жайлар, эс алуу аймактары жана сүрөткɵ түшүү зоналары, ыңгайлуу шарттар менен даараткана куруу пландалууда.

Жол кыймылына ыңгайлуу шарт түзүү максатында күзгө чейин тоннелдин эки тарабы тең иретке келтирилип, асфальт төшөө иштери толук бүткөрүлмɵкчү.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы