mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Министр Сыргабаев: Тельман-Кара-Кой жолунун курулушун тездетүү керек

Бүгүн, 20-июлда Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Ош облусуна иш сапар менен барды.

Анын алкагында ведомство жетекчиси Ноокат районундагы Тельман–Кара-Кой жолунун курулушу менен жеринен таанышты.

Учурда жолдун белгиленген тилкеси оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат. Быйыл №37 Жол тейлөө ишканасы тарабынан 3 чакырымына асфальт төшөлгөн. Министр Сыргабаев иш ыргагын ыкчамдатуу тапшырмасын койду.

Белгилей кетсек, аталган автожолдун жалпы узундугу 16 км түзүп, туристтик мааниге ээ. Жолдун сапаты жана курулуштун жүрүшү министрлик тарабынан көзөмөлдө болот.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы