mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Министр Сыргабаев Ош-Араван-Чек-Абад унаа жолунун 8-34-чакырымдар аралыгын асфальттоо тапшырмасын койду

Бүгүн, 7-апрелде Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев өлкөнүн түштүгүнө болгон иш сапарынын алкагында Ош–Араван–Чек-Абад унаа жолуна барды.

“Кыргызавтожол-Түштүк” мамлекеттик ишканасына аталган жолдун 8-чакырымынан 34-чакырымына чейинки аралыгын асфальт төшөө тапшырмасын койгон министр Абсаттар Сыргабаев курулуш иштерин өз убагында, сапаттуу аткаруу зарылдыгын эскертти.

Белгилей кетсек, Ош-Араван-Чек-Абад жолу көп жылдан бери каралбай келген. Жол оңдоо жумуштары аяктаса жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарт түзүлөт.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы