Министр Сыргабаев Кара-Жыгач-Сары-Челек жолундагы курулуш иштердин жүрүшүн көзөмөлдөдү
- 58 просм.
Бүгүн, 16-июлда Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Аксы районундагы Кара-Жыгач – Сары-Челек жолунун курулуш иштеринин жүрүшүн көзөмөлдөдү.
Министр Сыргабаев жеринде иш солгун жүрүп жатканын баса белгилеп, курулушту ыкчамдатуу жана сапатына өзгөчө көңүл бурууну талап кылды.
Белгилей кетсек аталган жолдун жалпы узундугу 20 км түзөт. Анын ичинен 6 чакырымына асфальт төшөлөт. Калган бөлүктөрүндө жердин негизин даярдоо жумуштары жүрөт.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы