Министр Сыргабаев Жыргалаң жайлоосундагы жол курулуш иштеринен кабар алды
- 85 просм.
Бүгүн, 23-июлда Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Ысык-Көл облусундагы Жыргалаң жайлоосунда жүрүп жаткан жол курулуш иштери менен жеринде таанышты.
Зындан-Жыргалаң айылына чейин узундугу 13,2 чакырым болгон жолдо учурда жер иштери жана жолду кеңейтүү иштери жүргүп жатат. Анын ичинен 4,5 чакырымы төрт тилкелүү жол болуп курулат. Ал эми Куршабел тилкесинде 8 км жаңы жол салынууда.
Белгилей кетсек, бул жол “Ала-Тоо Резорт” кышкы туристтик комплексине алып баруучу негизги каттам болуп саналат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы