mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Министр Сыргабаев Ала-Бука-Касан жолунун курулушун текшерип, иштин жүрүшүн сынга алды

Бүгүн, 17-июлда Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Ала-Бука- Касан жолунун курулушун текшерип барды.

Ведомство жетекчиси Сыргабаев жеринде иштин жүрүшүн сынга алды.

Министр аталган жолду тротуар, жарыктандыруу жана жол чийиндери менен кошо сентябрь айынын аягына чейин толук бүткөрүү тапшырмасын койду.

Кошумчалай кетсек, аталган жолдун жалпы узундугу 12,1 чакырымды түзөт.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы