Министрликтин кызматкерлери ишембиликке чыгышты
- 257 просм.
Бүгүн, 26-апрель күнү Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлери ишембиликке чыгышты.
Ведомствонун борбордук аппараты Бишкек-Кара-Балта жолунун жээгиндеги таштанды жана башка тиричилик калдыктарды чогултуп, жол ортосундагы тосмолордун түбүн тазалап, айлананы иретке келтиришти.
Тазалык иш-чарасына министрликтин алдындагы мекеме, ишканалардын жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн кызматкерлери да активдүү катышып, өздөрүнө берилген аймактарды тазалашты.
Белгилей кетсек, ишембилик 15-марттан 17-майга чейин жарыяланган эки айлыктын алкагында жүргүзүлүүдө.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы