Министрдин орун басары Бекназар Базаралиев Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун өкүлдөрү менен жолукту
- 482 просм.
Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бекназар Базаралиев Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун Евразия бөлүмүнүн жетекчиси Уильям Томпсон менен жолукту.
Анын жүрүшүндө эки тараптуу кызматтташуу жана мындан ары аракеттенүү маселелери талкууланды. Өзгөчө басым Кыргызстан жана Борбор Азия аркылуу Транскаспий эл аралык транспорттук каттамындагы ташуулардын учурдагы абалы жана өнүгүү жолуна жасалды.
Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бекназар Базаралиев “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушу Транскаспий эл аралык транспорттук коридорунун түштүк бутагы болорун баса белгилеп, Кытайдан Европа өлкөлөрүнө ташылуучу жүктөр үчүн эң кыска маршрут экендигин билдирди.
Жолугушуу жылуу маанайда, конструктивдүү жагдайда жыйынтыкталып, тараптар мындан ары тыгыз кызматташтыкты улантууга ишенимин билдиришти.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы
