Министр Сыргабаев Жалал-Абаддагы туристтик жайларга барчу жолдордун курулушун текшерип барды
- 69 просм.
Бүгүн, 26-июлда Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Жалал-Абад облусуна иш сапары менен барды.
Анын алкагында ведомство жетекчиси Базар-Коргон – Арстанбап жана Арстанбап – Кызыл-Үңкүр багытындагы жол курулуш иштеринин жүрүшүн текшерди.
Учурда Базар-Коргон – Арстанбап жолунун 6 чакырым аралыгына асфальт төшөө иштери аяктап, пайдаланууга берилди. Ал эми Арстанбап – Кызыл-Үңкүр автожолунда жолду кеңейтүү, суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу иштери кызуу жүрүп жатат.
Министр аймактардагы туристтик инфраструктуранын өнүгүшү үчүн жолдордун сапаттуу жана өз убагында бүткөрүү зарылдыгын белгилеп, Базар-Коргон – Арстанбап жолунун калган 33 чакырым аралыгына асфальттын биринчи катмарын төшөө иштерин аягына чыгарууну тапшырды.
Белгилей кетсек, аталган автожолдор өлкөбүздөгү туристтер көп каттаган маанилүү транспорттук каттамдар болуп саналат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы