mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Көпчүлүк аймактарда кар жаап, жол тазалоо иштери тынымсыз жүрүүдө

Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам көпчүлүк аймактарда кар жаап, жол тазалоо иштери тынымсыз жүрүүдө. “Кыргызавтожол-Түштүк” жана “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканалары тарабынан күнү-түнү кум-туз аралашмасын себүү жумуштары аткарылып жатат. Каттам бар.

Бүгүн, 3-мартта саат 06:10до Сосновка постунда оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилип, азыркы тапта күчүндө турат. Учурда Төө-Ашууда кар жаап, инерттик материалдарды чачуу жумуштары үзгүлтүксүз уланууда.  

Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого чакырат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы