Көк-Жаңгакта 7,2 км жол капиталдык оңдоодон өтүп, пайдаланууга берилди
- 67 просм.
Бүгүн, 26-июлда Жалал-Абад – Казарман автожолундагы Көк-Жаңгак шаарына кире турган жол тилкеси 7,2 км толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп, пайдаланууга берилди.
Иш-чарага Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев катышып, жолду элге колдонууга тапшырды.
Буга чейин абалы начар болуп, жүргүнчүлөргө ыңгайсыздык жараткан бул жол тилкеси заманбап стандарттарга ылайык жаңыланды.
Мындан тышкары, шаар ичиндеги 2,1 чакырымды түзгөн Шахтёр көчөсү да толук оңдолду.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы