mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Көк-Жар жана Орто-Сай айылдарын байланыштырган унаа жол жаңыланууда

Көк-Жар жана Орто-Сай айылдарын байланыштырган унаа жол жаңыланууда. Мамлекеттик капиталдык салымдар беренесинин эсебинен жалпы 1,5 чакырым аралыкты асфальттоо каралган. Азыркы тапта 1,1 чакырым жол жасалып, жумуштар № 25 Жол тейлөө ишканасы тарабынан уланып жатат.

Белгилей кетсек, оңдоо иштери жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарт түзүү жана жалпы жол инфраструктурасын өнүктүрүү максатын көздөйт.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы