mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Күн ысыкта асфальт жолго чыккан оор жүк ташуучу унаалар токтотулуп, тартипти сактабаган айдоочуларга айып пулдар салынарын эскертебиз!

Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, 17-19-июнь күндөрү абанын температурасы акырындык менен жогорулап, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 39…41°ка чейин, Талас облусунун өрөөнүндө 36…38°ка чейин жетиши күтүлөт.

Мындан улам Транспорт жана коммуникациялар министрлиги күн ысыкта асфальт жолго чыккан оор жүк ташуучу унаалар токтотулуп, тартипти сактабаган айдоочуларга айып пулдар салынарын эскертет.

Белгилей кетсек, салынган жолдордун сапатын сактоо, анын талкаланышына жол бербөө максатында 2025-жылдын 19-майынан 1-сентябрына чейин абанын күндүзгү температурасы 28ºС жана андан жогору болгон учурда болжол менен эртең мененки саат 10:00дөн кечки саат 20:00гө чейин жүк ташыган унаалардын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда жүрүүсүнө убактылуу чектөө киргизилген.

Мында максималдуу жалпы массасы 18 тоннадан ашкан оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына тыюу салынат.

Бул чектөө:

Жүргүнчү ташыган;

Гуманитардык жардамды ташыган;

Тез бузулуучу тамак-аш азыктарын жана кооптуу жүктөрдү ташыган;

Берилген атайын уруксаттын негизинде ири көлөмдөгү жүктөрдү ташыган;

Жол курууга жана оңдоого тартылган унааларга (берилген ордер боюнча) жайылтылбайт.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти тарабынан киргизилген чектөөнүн сакталышы көзөмөлгө алынып, түшүндүрүү иштери менен текшерүү иш-чаралары үзгүлтүксүз жүргүзүлүп жатканын билдиребиз.

❗️УРМАТТУУ АЙДООЧУЛАР!

АШЫКЧА ЖҮК ЖҮКТӨГӨНДӨН АЛЫС БОЛУП, ЖОЛДУН САПАТЫН САКТООГО САЛЫМЫБЫЗДЫ КОШОЛУ!

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы