Кыргыз-Түркмөн биргелешкен комиссиясынын биринчи отуруму ɵттү
- 32 просм.
2025-жылдын 28-30-апрелинде Бишкек шаарында Транспорт, транзит жана логистика боюнча Кыргыз-Түркмөн биргелешкен комиссиясынын (мындан ары – Биргелешкен комиссия) биринчи отуруму аяктады. Отурум Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Тургунбаев Алмаз Абдылдаевичтин жетекчилик алдында жана Түркмөнстан Министрлер Кабинетинин алдындагы Транспорт жана коммуникациялар агенттигинин башкы директорунун орун басары Аллагулы Назарович Худайбердиевдин катышуусунда болуп ɵттү.
Биргелешкен комиссия эки өлкөнүн транспорттук-логистикалык кызматташтыгынын алкагында транзиттик жүк ташуунун көлөмүн көбөйтүүнүн зарылдыгын белгилешип, бул багытта Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы байланыштарды күчөтүү, ошондой эле логистикалык инфраструктураны жакшыртуу талкууланды.
Эки өлкө ортосундагы товар алмашууну жеңилдетип, жүк ташуунун үзгүлтүксүз жүрүшүн камсыздоо маселеси каралды.
Отурумда Комиссиянын ишинин уюштуруу маселелери боюнча макулдашуулар каралып, протоколго кол коюлуп, кезектеги отуруму Түркмөнстанда өтөөрү маалымдады.
Министрликтин маалымат кызматы






