mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги «Суусамыр-Талас-Тараз автомобиль жолун реконструкциялоо долбоорунун алкагында курулуш иштерин аткаруу боюнча келишимге кол койду

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги эл аралык ачык конкурстун жыйынтыгы боюнча Shaanxi Construction Engineering Group Co., Ltd компаниясы менен «Суусамыр-Талас-Тараз автомобиль жолун реконструкциялоо, IV фаза, узундугу 93 км» долбоорунун алкагында курулуш иштерин аткаруу боюнча келишимге кол койду.
Курулуш иштери боюнча келишимдин мөөнөтү 3 жылды түзөт, ал эми кепилдик мөөнөтү 5 жылды камтыйт.
Бул долбоордук участок Талас шаарынан башталып, Казакстан менен чек арадагы «Кичи-Капка» көзөмөл-өткөрүү пунктуна чейин созулат жана Талас облусунун Талас, Бакай-Ата, Айтматов жана Манас райондору аркылуу өтөт. Долбоордун алкагында реконструкциялануучу жолдун жалпы узундугу 93 км түзөт. Учурдагы жол калктуу конуштарда 4 тилкелүү, ал эми калктуу конуштардан тышкары жерлерде 2 тилкелүү жол салынып, II техникалык категорияга жакшыртылат.
Башкы подрядчыга базаларды, карьерлерди даярдоо, персоналды жана атайын техниканы долбоордук участокко мобилизациялоо боюнча иштерди тез арада баштоо милдети коюлду. Долбоордук участоктогу курулуш иштери 2025-жылдын апрель айынын экинчи жарымында башталат деп пландалууда.

Министрликтин маалымат кызматы