mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгы кадрлар резервине киргизүү үчүн транспорт көзөмөл пункту кызматынын  инспектор кызмат орундарына ачык сынак жарыялайт

ТПК кызматынын инспекторуна квалификациялык талаптар:

  1. Кесиптик билимдин денгээли:
  2. автотранспорт жаатындагы техникалык жогорку билими, экономикалык  жогорку билими, юриспруденция боюнча жогорку билими жана IT-технология боюнча жогорку билими.
    1. Иш стажы жана тажрыйбасы:
  3. иш стажына талаптар коюлбайт.

Билүүсү керек:

  • жогорку жетекчиликтин көрсөтмөлөрүн жана тапшырмаларын так аткаруу;
  • өз ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;
  • кызыкчылыктардын кагылышына алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;
  • милдеттерди чечүү үчүн инновациялык ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн издөө;
  • жоопкерчиликтүү, командада иштей билүүсү;

Көндүмдөр:

  • мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
  • маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
  • ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
  • конфликттик  кырдааларды жөнгө салуу;
  • компьютердик жана уюштуруу техникаларын, керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү;

Конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:

  • конкурстук сынак комиссиясынын төрагасына жазылган арыз;
  • кадрлар эсебин каттоо баракчасы, өздүк дело, резюме, 3х4 өлчөмүндөгү сүрөт, өмүр баяны;
  • паспортунун же инсандын тастыктаган документтин көчүрмөсү (түп нускасы конкурска  келгенде көрсөтүлөт);
  • эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогорулатылгандыгы, илимий даражага ээ болгондугу тууралы нотариалдык  жактан  кубөлөндүрүлгөн же иштеп жаткан жериндеги персонал менен иш алып баруу бөлүмү тарабынан тастыкталган  документтердин көчүрмөсү.
  •  
  • Сынакка катышуу үчүн керектүү документтерди Б.Батыры 7б дареги боюнча 2025-жылдын  11-февралдан  20-февралына чейин, саат 09.00 дон 17.00 кабыл алынат, телефон аркылуу маалыматтар: 541435.