mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Кыргызстан менен Кытайдын транспорт министрлери кызматташтыкты талкуулады

Бүгүн, 2-июлда Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин транспорт министрлеринин 12-жыйынынын алкагында Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Кытай Эл Республикасынын Транспорт министри Лю Вэй менен жолугушту.

Тараптар эки өлкө ортосундагы транспорт жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча бир катар маанилүү маселелерди талкуулашты.

Министр Сыргабаев кошумча уруксат бланктарын алмашуу, электрондук уруксат алмашуу системасын ишке ашыруу жана чоң көлөмдөгү жүктөрдү ташууда айдоочулар үчүн уруксат алуу маселесин көтөрдү.

Өз кезегинде Кытай Эл Республикасынын Транспорт министри Лю Вэй кыргыз тараптан көтөрүлгөн маселелерди түшүнүү менен кабыл алып, аларды чечүү үчүн тийиштүү аракеттерди жасарын билдирди

Жолугушуу достук маанайда өттү.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы