mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Курултайда көтөрүлгөн маселелер. Транспорт министри Сыргабаев Таластын делегаттары менен жолугушту

Бүгүн, 25-апрелде Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев баштаган министрликтин өкүлдөрү Талас облусунда III Элдик курултайдын делегаттары менен жолугушту.

Курултайда Талас облусундагы жолдор боюнча 12 кайрылуу түшкөн.

Министр Абсаттар Сыргабаев Элдик курултайда делегаттар тарабынан айтылган маселелер ирети менен чечилип жатканын белгиледи.

Кошумчалай кетсек, 2024-жылдын декабрь айында өткөн III Элдик курултайдын жүрүшүндө Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жалпы 200дөн ашуун кайрылуу келип түшкөн. Алардын көбү жолдордун абалы, жол куруу, көпүрө салуу иштери.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы