mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Корумду-Балбай-Баатыр автожолунда асфальт төшөө иштери уланууда  

Ысык-Көл айланма жолунун Корумду-Балбай-Баатыр тилкесинде жол курулуш иштери кызуу жүрүүдɵ. Учурда жолдун негизин даярдоо, асфальт төшөө, суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу жана кɵпүрɵ куруу жумуштары аткарылып жатат.

Курулуш иштери башталгандан бери 70 чакырым аралыкка бир тараптуу асфальттын астыңкы катмары басылды. Мындан тышкары 14 кɵпүрɵдɵ реконструкцияланып, 2 жер алдынан ɵтүүчү ɵтмɵктɵрдү куруу иштери уланууда. Ошондой эле, жер алдынан ɵткɵн суу түтүктɵрдүн 179 орнотулуп бүтүп. 

Белгилей кетсек, учурдагы автожол 4 тилкелүү болуп, ортосу темир тосмолор менен тозулат. Долбоордун алкагында жарыктандыруу, жашылдандыруу, калктуу конуштарда аялдамалар, эс алуу зонасы бар унаа токтотуучу жайлар курулат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы