Кайрагач-Кулунду жолунун 20 чакырымы асфальтталат
- 62 просм.
Бүгүн, 19-июлда Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Баткен облусундагы Кайрагач – Кулунду жол тилкесине барып, жүрүп жаткан иштер менен жеринде таанышты.
Аталган автожолдун 20 чакырымына асфальт басуу пландалган. Учурда бул багытта жер иштери кызуу жүрүп жатат.
Министр курулуш иштерин сапаттуу жүргүзүү менен 2025-жылдын аягына чейин толук бүткөрүлүшү керектигин баса белгиледи.
Белгилей кетсек, Кайрагач – Кулунду жолу Баткен облусунун аймагындагы 5 айылды байланыштырган негизги каттам болуп саналат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы