mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Жол иштеринин түрмөгү

№ 24 Жол тейлөө ишканасы: Нарын-Оруктам унаа жолунун 3 чакырымы асфальтталат. Азыркы тапта жер иштери жүрүүдө. Быйыл жолдун 20-23-чакырымдар аралыгына асфальт төшөө каралган.

№ 9 Жол тейлөө ишканасы: Бишкек-Ош унаа жолунда аң-чөнөктөрдү толтуруу, парапеттердин түбүн тазалоо, актап, сырдап, айлананы иретке келтирүү иштери аткарылууда.

№ 18 Жол тейлөө ишканасы: Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун Арал-Казарман тилкесинде (243-296-чакырымдар аралыгы) тоо боорунан түшкөн таштар тазаланып жатат. 28-29-май күндөрү жалпы 2800 м3 тазаланды, каттам бар. Мындан тышкары, № 18 Жол тейлөө ишканасы тарабынан Казарман-Жалал-Абад унаа жолунун 7-52-чакырымдар аралыгында тегиздөө иштери жүрүп жатат.

№ 44 Жол тейлөө ишканасы: Ош-Араван жолунун 10 чакырымына асфальт төшөө үчүн кеңейтүү, эски асфальт катмарын сыйруу иштери аткарылууда. Ошондой эле, жолчулар тарабынан Ноокат-Араван-Төбө-Коргон жолунда аң-чөнөктөрдү оңдоо жумуштары жасалууда.

№ 32 Жол тейлөө ишканасы: Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда жол сызыктарын жаңылоо, жол белгилерин алмаштыруу, парапеттердин түбүндөгү кум-шагылдарды тазалоо иштери жүрүп жатат. Жол белгилери Кемин-Ильич-Ак-Туз жолунда да алмаштырылууда.

Ошондой эле, аң-чөнөктөрдү толтуруу Александровка-Беш-Корук, Калинин-Погранич-Кызыл-Туу, Ат-Башы-Кында-Торугарт, Көк-Жар-Ала-Тоо, Бишкек-Кой-Таш-Ысык-Ата, Сокулук-Камышановка жана башка жети дубан жолдорунда жүрүүдө.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы