mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Жол белгилери жаңыланууда

Жети дубан жолдорунда эскилиги жеткен жол белгилерин жаңылоо жана жетишсиз жерлерге орнотуу иштери жүрүүдө. Жумуштар министрликке караштуу “Кыргызавтожол-Түндүк” жана “Кыргызавтожол-Түштүк” мамлекеттик ишканалары тарабынан аткарылып жатат.

Белгилей кетсек, Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Өндүрүштүк-инновациялык борбор» мамлекеттик мекемесинин алдында ачылган устакана жыл башынан бери бүгүнкү күнгө чейин 7227 жол белгисин чыгарды.

Мындан тышкары, жолчулар тарабынан    жол сызыктарын чийүү, аялдамаларды актоо сыңдуу жалпы жол тейлөө иштери жигердүү жүрүп жатат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы