Жолчулардын кызматтык үйлөрүнүн шартын жакшыртуу. Министр Ала-Бел ашуусуна барды
- 48 просм.
Бүгүн, 15-июлда Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Ала-Бел ашуусуна иш сапар менен барып, жол тейлөө кызматкерлери жашаган үйлөрдүн абалы менен жеринен таанышты.
Министр Ала-Бел ашуусунан Чычкан капчыгайына чейинки аймакта жайгашып, жол тейлөө кызматкерлери жашаган жалпы 7 үйдү тез арада оңдоп-түзөөдөн өткөрүүнү тапшырды.
Белгилей кетсек, аталган үйлөрдө күз-кыш мезгилинде жол каттамдарын үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн жолчулар туруктуу жашап келишет.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы



