Жети-Өгүз району: Кызыл-Суу-Чоң-Кызыл-Суу жолуна асфальт төшөлүүдө
- 56 просм.
Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу-Чоң-Кызыл-Суу унаа жолуна асфальт төшөлүүдө. Азыркы тапта 1 чакырымдан ашык аралык жасалды. Жумуштар Транспорт жана коммуникациялар министрлигине карашуу № 35 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылып жатат.
Быйыл Кызыл-Суу-Чоң-Кызыл-Суу жолунун 3-6-чакырымдар аралыгын асфальттоо пландалган. Жумуштар белгиленген графикке жана бардык жол куруу нормаларына ылайык жасалууда.
Эске салсак, 2023-жылы аталган жолдун 2 чакырымына асфальт төшөлгөн.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы

