Жети дубан жолдорунда жасалып жаткан жумуштардын түрмөгү
- 103 просм.
№ 20 Жол тейлөө ишканасы
Ача-Кайынды-Май-Босого унаа жолунун 14-16-чакырымдар аралыгында асфальт төшөө иштери уланууда.
№ 47 Жол тейлөө ишканасы
Бакай-Ата-Үч-Эмчек жолунда асфальт төшөө иштери аткарылууда.
№ 18 Жол тейлөө ишканасы
Казарман-Акталчат унаа жолунун 18-40-чакырымдар аралыгында сүрүп, тегиздөө жумуштары жүрүп жатат.
№ 14 Жол тейлөө ишканасы
Сары-Булак-Соң-Көл жолунун 3 чакырымына асфальт төшөлдү.
№ 957 Жол тейлөө ишканасы
Калинин-Погранич-Кызыл-Туу унаа жолунун 8-11-чакырымдар аралыгында жолдун негизин даярдоо, суу өтүүчү түтүкчөлөрдү оңдоо, асфальт төшөөгө даярдык көрүү иштери жүрүүдө.
№ 955 Жол тейлөө ишканасы
Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 237-240-чакырымдар аралыгында эски асфальт катмарын сыйруу жумуштары аткарылып жатат.
№ 18 Жол тейлөө ишканасы
Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун Арал-Казарман тилкесинде (260-261-чакырымдар аралыгы) тоо боорунан түшкөн таштар тазаланууда.
№ 41 Жол тейлөө ишканасы
Нарын аэропортунун перрон, учуп конуу тилкелеринде жол чийиндери толугу менен чийилип бүттү.
№ 9 Жол тейлөө ишканасы
Бишкек-Ош жолунун 81-чакырымында асфальт басууга даярдык (фрезерования) иштери жүрүүдө. Ошондой эле, Бишкек-Ош унаа жолунда актоо, сырдоо, айлананы иретке келтирүү жумуштары аткарылууда.
№ 20 Жол тейлөө ишканасы
Ача-Кайынды-Май-Босого унаа жолунун 16-71-чакырымдар аралыгы сүрүп, тегизделип жатат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы








