mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Жашыл Мурас: Жол жээгине көчөт отургузуу иштери жүрүүдө

“Жашыл Мурас” улуттук өнөктүгүнүн алкагында Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун жээгине көчөттөр отургузулууда. Жумуштар Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин № 21 Жол тейлөө ишканасы (ЖТИ) тарабынан жолдун 13-14-чакырымдар аралыгында жүрүп жатат. Аталган аймакка жалпы 230 даана көчөт тигүү пландалган.

Ушундай эле иштер № 38 ЖТИ тарабынан Таш-Көмүр-Кызыл-Жар унаа жолунда (136-140-чакырымдар аралыгы) жүрүүдө. Жол жээгин жашылдандыруу максатында каражыгач, жаңгак көчөттөрү отургузулуп жатат.

Ошондой эле, Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караган Рахманжан-Кара-Булак жолунун жээгине 100 даана жаңгак көчөтү тигилип, айлана-чөйрөнү тазалоо иштери жүрдү. Жумуштар № 51 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылды.

Белгилей кетсек, “Жашыл Мурас” улуттук өнөктүгүнүн алкагында жол жээгин жашылдандыруу иштери башка аймактарда да уланат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы