mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Бишкек Түндүк айланма жолунун көпүрөлөрү көтөрүлүүдө

     

Бишкек шаарынын Түндүк айланма жолун реконструкциялоо иштери кызуу жүрүүдө. Подрядчы тарабынан 1- кɵпүрɵнүн үстүнкү балкаларын орнотуу ишери жүрүп жатат. Бул курулуп жаткан кɵпүрɵ эки деңгээлдүү жол түйүнүнүн негизги объектилеринин бири болуп саналат. Учурда 10 балкасы орнотулду. Ар биринин салмагы 100 тоннадан туруп атайын крандын жардамы менен коюлууда. Жалпысынан аталган кɵпүрɵгɵ 50 цемент балкалар орнотулмакчы.  Кɵпүрɵлɵрдү куруу менен катар  6 тилкелүү трассанын жер иштери жана кеңейтүү жумуштары жүрүп жатат. 

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын түндүк айланма жолунун жалпы узундугу 33,4 чакырымды түзөт. Быйыл анын 15 чакырымына асфальт төшөө пландалууда. Тактап айтканда, 2025-жылы Алма-Ата-Бишкек-Ташкент жолунун 6 чакырымы жана Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 9,1 чакырымы реконструкцияланат. Жолдун аталган тилкесинде (15 чакырым аралыгында) эки деңгээлдүү 4 жол түйүнүн (двухуровневая развязка) куруу каралган.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы