Бишкек-Ош унаа жолунда аң-чөнөктөр жамалууда
- 50 просм.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан жети дубан жолдорунда жаралган аң-чөнөктөрдү толтуруп, талапка ылайык келтирүү иштери жүрүүдө.
Бүгүнкү күндө № 9 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан Бишкек-Ош унаа жолунун 118-130-чакырымдар аралыгындагы аң-чөнөктөр жамалууда.
Белгилей кетсек, №9 ЖТИси Бишкек-Ош унаа жолунун 60-209-чакырымдар аралыгын тейлейт. Азыркы тапта жолчулар тарабынан 2312 м2 аң-чөнөктөрдү толтуруу иштери аткарылды. Алдыда жумуштар планга ылайык уланат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы