mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Бишкек- Ош автожолунун Суусамыр тилкесиндеги жол иштери

Стратегиялык маанидеги Бишкек –Ош автожолунун Суусамыр тилкесинен Ала-Бел ашуусуна чейин жол  иштери кызуу жүрүүдɵ. Учурда жолдун негизин даярдоо, асфальт төшөө,  кээ бир тилкелеринде аң-чɵнɵктɵрдү жамоо, суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу жумуштары аткарылып жатат. Курулуш иштери башталгандан бери 15 чакырым эки тараптуу асфальт басылды.

Суусамыр ɵрɵɵнүндɵ суук эрте түшɵɵрүн эске алуу менен жол тилкесинен алыс эмес жерге эки асфальт –бетон заводу орнотулду. Учурда заводдордон (АБЗ) саатына 200-300 тонна кɵлɵмүндɵгү асфальт чыгарылып жатат.

Белгилей кетсек, Бишкек-Ош авто жолунун Суусамыр тилкесин капиталдык оңдоо иштери 2025-жылга пландалып, ушул жылы курулуш иштери башталды.  Жалпы 104 чакырым жол асфальттоо каралган.

Министрликтин маалымат кызматы.