Бишкек-Ош: Жол иштеринин түрмөгү
- 432 просм.
Бишкек-Ош унаа жолунун 60-80-чакырымдар аралыгында атайын техниканын жардамы менен жол четин тегиздөө иштери жүрүп жатат. Жумуштар министрликке караштуу № 9 Жол тейлөө ишканасы (ЖТИ) тарабынан аткарылууда. Ошондой эле, жолчулар парапеттердин түбүн тазалап, айлананы иретке келтирип жатышат.
Белгилей кетсек, № 9 ЖТИси Бишкек-Ош унаа жолунун 60-209-чакырымдар аралыгын тейлейт. Азыркы тапта ишкананын кызматкерлери тарабынан жолдо жаралган аң-чөнөктөрдү жамоо иштерине даярдыктар көрүлүүдө.
Мындан тышкары, бардык аймактарда лотокторду жана жол четин тазалоо, тегиздөө, актоо, сырдоо, жол белгилерин алмаштыруу, куурап калган бак-дарактардын бутактарын кыркуу, аң-чөнөктөрдү толтуруу иштери кызуу жүрүүдө.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы



