mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Бишкек-Нарын-Торугарт жолу: Темир тосмолор орнотулуп, жол сызыктары жаңыланууда

Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 44,6-чакырымынан тарта  темир тосмолор орнотулууда. Бул иштер жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу жана айдоочулардын коопсуз жүрүүсүн камсыздоо максатында жүргүзүлүүдө.

Аны менен катар аталган жолдун 30-51-чакырымдар аралыгында жол чийиндерин жаңыртуу иштери да кызуу жүрүүдө. Бул жол белгилери каттамдын ачык-айкындуулугун камсыз кылып, түнү жана аба ырайынын начар шарттарында да көрүүнү жеңилдетет.

Бардык иштер «Кыргызавтожол-Түндүк» мамлекеттик ишканасына караштуу № 34 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылууда.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы