mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Бишкек-Нарын-Торугарт жолу: Жол сызыктар менен белгилер жаңыртылууда


Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 60-137-чакырымдар аралыгында жол сызыктарын чийүү, жаңылоо иштери кызуу жүрүүдө. Ошондой эле, эскилиги жеткен жол белгилери алмаштырылып, жетишсиз жерлерге орнотулуп жатат.

Ушундай эле жумуштар Дорожный-Чолок-Боом (0-14-чакырымдар аралыгы), Кемин-Шабдан-Көк-Ойрок (0-17-чакырымдар аралыгы) унаа жолдорунда жүрүп, жумуштар №32 жана №34 Жол тейлөө ишканалары тарабынан аткарылууда.

Белгилей кетсек, жол белгилери Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Өндүрүштүк-инновациялык борбор» мамлекеттик мекемеси тарабынан чыгарылып келет.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы