Бишкек – Нарын – Торугарт жолунун 42-47-чакырымдар аралыгында жолдун үстүңкү катмарын бодурлоо иштери жүрүүдө
- 117 просм.
Бишкек – Балыкчы – Нарын – Торугарт унаа жолунун 42-47-чакырымдар аралыгында жолдун үстүңкү катмарын бодурлоо иштери жүрүүдө. Жумуштар Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргызавтожол-Түндүк» мамлекеттик ишканасынын №34 Жол тейлөө мекемеси тарабынан аткарылып жатат.
Белгилей кетсек, бул ыкма стратегиялык мааниге ээ болгон жолдун жүк көтөрүмдүүлүгүн жогорулатуу, коопсуздукту камсыздоо жана эксплуатациялык мөөнөтүн узартуу максатында колдонулууда.
Айта кетчү жагдай, оңдоо иштерине карабастан унаа каттамы үзгүлтүккө учураган жок.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы