mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Бишкек-Кант-Токмок унаа жолуна асфальт төшөлүүдө

Бишкек-Кант-Токмок унаа жолуна асфальттын биринчи катмарын төшөө иштери жүрүүдө. Азыркы тапта жумуштар жолдун 9+050-7+200-чакырымдар аралыгында, тагыраагы Новопокровкадан Калинина көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жүрүп жатат.

Экинчи этап менен Калининадан Лермонтова көчөлөрүнүн аралыгына (7+200-5+200-чакырымдар аралыгы) асфальт басылат. Бүгүнкү күндө аталган тилкеде жолдун негизин даярдоо, суу түтүктөрүн орнотуу жумуштары жүрүүдө.

Белгилей кетсек, Бишкек-Кант-Токмок унаа жолунун 5+200-9+050-чакырымдар аралыгын капиталдык оңдоодон өткөрүү мерчемделип, анда асфальт төшөө менен катар көпүрөнү оңдоо, эки тарабынан тротуар, унаа токтотуучу жай жана башка иштер каралган.

Эске салсак, буга чейин Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Бишкек-Кант-Токмок унаа жолунда жүрүп жаткан оңдоо иштеринен кабар алып, жарандардан көптөгөн нааразы пикирлер келип түшкөнүн белгилөө менен асфальт басуу жумуштарын тездетүүнү тапшырган.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы