Бишкекте БАРЭКтин транспорт сектору боюнча координациялык комитетинин отуруму өттү
- 97 просм.
Бишкекте Борбор Азия региондук экономикалык кызматташтык (БАРЭК) программасынын транспорт сектору боюнча координациялык комитетинин 22-отуруму өттү.
Иш-чаранын ачылышында Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бекжан Рысмендеев сөз сүйлөп, Кыргызстан үчүн транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү, мультимодалдык транспорттук коридорлорду, өзгөчө жаңы магистралдык темир жолдорду куруу жана жүк ташуу процессин санариптештирүү менен бул жаатка жаңы технологияларды киргизүү артыкчылыктуу багыт болуп саналарын билдирди.
Эки күнгө созулган иш-чаранын алкагында министрдин орун басары Бекназар Базаралиев да өлкөдөгү жол кыймылынын коопсуздугун жана жол активдерин башкаруу системасын өнүктүрүү темасында баяндама жасады.
Транспорт сектору боюнча координациялык комитеттин 22-отурумунда БАРЭКтин 2030-жылга чейинки транспорттук стратегиясына сереп салынып, программага мүчө өлкөлөр тарабынан ишке ашырылып жана пландалып жаткан инвестициялык долбоорлор талкууланды.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы






