mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Баткен облусу: Айгүл-Таш-Согмент-Таян жолуна асфальт төшөлүүдө

Баткен районуна караган Айгүл-Таш–Согмент–Таян жолунун 11-13-чакырымдар аралыгында асфальт төшөө иштери жүрүүдө. Азыркы тапта болжол менен 1,5 чакырым жол жасалды. Жумуштар Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу №2 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылып жатат.

Аны менен катар 6-9-чакырымдар аралыгында суу түтүктөрүн орнотуу, жолдун негизин даярдоо иштери жүрүүдө.Бул тилкеде жер жумуштары жыйынтыкталар замат асфальт төшөө иштери башталат. Быйыл Айгүл-Таш–Согмент–Таян жолунун 5 чакырымын асфальттоо каралган.

Белгилей кетсек, буга чейин жолдун 3-8-чакырымдар аралыгы сай аркылуу өткөндүгүнө байланыштуу 5 чакырым жаңы жол курулган.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы